www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Газада рак оорусунда колдонулган негизги дарылардын 35 пайызы түгөндү.
Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Ешреф ел - Кудра Газадагы саламаттык секторунда болуп жаткан кыйынчылыктарга байланыштуу өткөргөн пресс – жыйынында Израилдин блокадасынын айынан негизги дары – дармектерде 35 пайыздык азаюу болгондугун айтты.
Бул дарылардын ичинде чоң катнашта ракты дарылоодо колдонулган дарылардын бар экендигин белгилеген Кудра электр жана күйүүчү май кризисинен улам да ооруканалардагы иштердин барган сайын кыйындап жаткандыгын белгиледи. Кудра Газа тилкесиндеги оорулуулардын дарылануу укугуна карата жасалган бул мыйзамсыздыкка каршы улуттук жана эл аралык олуттуу бир каршы чыгуунун болушу керектигин баса белгиледи.
Ешреф ел - Кудра жергиликтүү, аймактык жана эл аралык бардык тийиштүү мекемелерди да Газа тилкесиндеги оорулуулардын дары жана медициналык муктаждыктарынын чукул түрдө камсыз кылынышы үчүн аракетке өтүүгө чакырды.
Булак: "trt.net.tr"