www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бийлик Аксы окуясынын негизги каарманы Азимбек Бекназаровго Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам берип койсо болмок», - деди бүгүн, 17-мартта, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.
- Рамазан агай, алыстан байланышка чыгып калыпсыз. Аксы окуясы боюнча айтар сөзүңүз барбы?
- Бүгүн, 17-мартта кыргыз бийлиги, коомчулук Аксы окуясынын 20 жылдыгын белгилейт. Тилекке каршы, анын башкы карманы Азимбек Бекназаров алыстан келе албай, катыша албай калды.
Азимбек Бекназаров кыргыздын жеринин Кытайга тымызын берилип жатканына каршы туруп, Аскар Акаевге импичмент жарыялайм деп ак жеринен караланды. Камалды. Тартпаган азапты тартты.
Ак жүрөк депутатын колдогон аксылыктар түп көтөрүлө чыгып. Аксы трагедиясы болду. Эми Аскар Акаевди Үзөңгү-Куушту Кытайга берип чыккынчылык кылганы үчүн жоопко тартыш керек.
- Бирок, Акаевди жоопко тартканга кеч болуп калган жокпу? Аксы окуясына 20 жыл болуп кетти го?
- Негизи мындай оор кылмыштардын мөөнөтү чектелбеши керек. Акаевди жоопко тартышса болмок. Бирок, азыркы бийлик мөөнөтү өтүп кетти деген ойду кыйытса керек. Анткени, Акаевдин оор кылмыштары суракка келер замат жабылды. Кыскасы, азыркы бийлик аны тайраңдатып, «Кумтөр» боюнча да жоопко тарткан жок.
- Чоң маселени көтөргөн Бекназаровдун мээнети кайттыбы, эмгеги эске алындыбы?
- Мен билгени Азимбек Бекназаров бир эле Аксы Үзөнгү-Кууш боюнча маселе көтөргөн жок. Ал «Кумтөр» боюнча да катуу турду. Айрым саясатчылардай болуп, керектүү учурда көтөрүп, депутат болгондо эстен чыгарып койгон жок.
Улутташтыруу боюнча мыйзам даярдап, ал турсун коомчулуктан кол топтоду. Бирок, эмнегедир анын эмгеги бааланбай, көз жаздымда калып келе жатат. Азыркы бийлик Аксы окуясынын 20 жылдыгынын урматына Азимбек Бекназаровдун патриоттуулугун, кыргыз эли дегенде ичкен ашын жерге койгонун, кыргыз мамлекетине сиңирген эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам берип койсо туура болмок.
Булак: NazarNews.kg