www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында, депутаттар айрым дарыгерлерге жасалып жаткан туура эмес мамилени токтотууну талап кылышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, депутат Бактыбек Сыдыков Эрнст Акрамовдун медицина тармагына кошкон зор салымына токтолуп: “Бирок анын тегерегинде болуп жаткан окуялар мени түйшөлтүүдө. 85 жылдык өмүрүнүн көпчүлүгүн саламаттык сактоо тармагына жумшаган улуу инсанга мындай мамиле жасоо туура эмес”, – деди ал.
Ушундай эле пикирде болгон депутат Камила Талиева - КР баатырын каалагандай мазактоого жол берилбеши керектигин айтып: “Белгилүү кардиохирург Калдарбек Абдрамановду да кызматтан алды деп жатышат. Министрдин этикага туура келбеген, ойлонулбаган кадамдары эл арасында сынга алынууда. Андыктан, аны тартипке чакыргыла”, – деп кайрылды ал президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө.
Булак: NazarNews.kg