www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийлик алганга сиңирген эмгеги үчүн Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров сыяктууларга «Манас» ордени берген. Булардын арасында бир гана Азимбек Бекназаров татыксызмын деп «Манас» орденинен баш тарткан. Атамбаев президент кезинде кыргыз элин жегенге жакшы күч жумшаганы үчүн Сапар Исаковду «Манас» ордени менен сыйлаган. Мындан туура 20 жыл мурун Аксыда 2002-жылдын 17-мартында бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Адилеттик, эркиндик деп, өмүрүн берген аксылык эр-азаматтар Эркиналы Четимбаевдин, Кадыркул Сапаралиевдин, Медетбек Бекмуратовдун, Сатымбай Үркүнбаевдин, Советбек Тагаевдин, Элдияр Үмөталиевдин эстелигине таазим кылганыбыз менен, жакшы сый-урматтарды тирүү мансапкорлор көрүп жатат. Аксылыктарды колдоп, Бишкектен ачкачылык жарыялап, каза тапкан Шералы Назаркулов деген болгон. Аксы окуясында Кадыркул Сапаралиев окко учканда анын жаңы туулган кызына кырк күн боло элек болчу. Ата мээримине гана эмес, жытына канбай калган ымыркай бүгүн 20 жашка чыкты. Ушу күндө Аксы окуясында жабырланып, жарадар болгондор 3500 сом жөлөк пул алат. Анда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө утурумдук акчалай жардам берилгени менен өкмөттөн атайын акча бөлүнгөн эмес. Аксы окуясында каза болгондордун ысымдары мектепке, көчөгө, көпүрөгө берилип, алардын атынан спорт комплекстер ачылган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясы жыл сайын 17-мартта анда шейит кеткендерди эскерүүчү спорттук иш-чаралар өтө турган күн болсун деп жарлык чыгарган. Ал президенттен кеткени анын Жарлыгы да унутулду.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында Аксы окуясы бийликтин куралсыз элге биринчи ок атышы катары калганы белгилүү. 20 жыл ичинде Аксы окуясына укуктук баа берүү маселеси бир нече ирет көтөрүлүп, бирок иш аягына чыккан эмес. Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кылмыш ишти кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган. Аксы окуясынын арты президенттик, үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланганы айтылып келет. Ошол эле учурда ага эмдигиче укуктук баа берилбей, кыргыз бийлиги да, коомчулук да сабак албаганы тууралуу пикирлер басымдуу. 2002-жылы Үзөңгү-Кууш Кытайга берилгени үчүн ошол кездеги президент Аскар Акаевге Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Азимбек Бекназаров импичмент жарыялаган. Бийлик буга аны камакка алуу менен жооп узаткан. Буга бир топ укук коргоочулар, активисттер каршы чыгып, ачкачылык кармаган. Аксы окуясына саясий гана баа берилген. Бирок ал туура берилген жок. Аксылыктарды экиге бөлүп, бирине акча берип, бирин куугунтуктаган саясат болгон ал кезде.
Аксы окуясы боюнча көп маалыматтар бар. Учурунда “мамлекеттик сырды" эч жакка чыгарбоого кол коюп берише турган, куралсыз элге ок атылышына эмне себеп болгон ошол жерде жазылган. Ошол кезде атайын кызмат тарабынан да бийликке туура эмес маалыматтар жетип турган. Бекназаров камалгандан кийин аксылыктар нааразылык билдирип, райондун борборуна бармакчы болгонунан тартып, “аларда курал бар, бийликти басып алууга аракет кылып жатат” деген жалган маалыматтар берилген экен. Конвертке эле “ушундай маалымат келди” деп жазып туруп, бийликке берип коюшкан. Анын чын-бышыгы сүрүштүрүлгөн эмес. Дагы бир тасма бар. Анда адамдын бети көрүнбөйт, бир машинада бара жатып эле бирөө “элде курал бар, алар 17синде басып алышат, 16сында чыгышат” деп айтып жатат. Ушуга окшогон материалдарды негиздеп гана элди тосуп, атып жиберишкен. Ушуга негиздеп эле алты кишини атып, жыйырмадан ашуунун жарадар кылышкан.
Кыргыз бийлиги бүгүнкү күнгө чейин окуяга укуктук баа берген жок. Айыптуу, күнөөсү бар аткаминерлердин бири да тиешелүү жазасын албады. Аксы трагедиясын саясатчылар, бийлик чайкоочулукка айландырып, улам бийлик алмашкан сайын, убада беримиш болуп, бирок анын өтөсүнө чыкпай келет. Эл болушкан депутат Бекназаров да ошолордун бири катары бийликке келгенден кийин, ага көңүл бурган жок. Баласын, өкүл баласын кызматка отургузуп, бийликти гана эңсеп жатат. Бийлик Аксы трагедиясына кабылган адамдарды – балдарын жоготкон энелерге, атасынан ажыраган балдарды, өмүрүн тобокелге салып жарадар болгондорду ойлогон жок. Эскерүү болот, тегерек үстөл жана башка иш-чаралар өтөт, бүттү. Кайра бир жылга чейин унутулат. ИИМде да, сотто да, эч бир күч түзүмүндө реформа болгон жок.
Учурунда “куралсыз элге ок аткан” Аскар Акаев бийликтен кетсе эле акыйкаттык орноп, аксылыктардын көксөөсү сууйт деген ишеничте болгон. Баарыбыз эле ошентип үмүттөнгөнбүз. Акаев кетсе эле юридикалык баа берилет, акыйкаттык болот” деп күткөнбүз. Тилекке каршы андай болгон жок. Акаев кетсе артындагылар бар экен. Кылмышкерлердин акчасы бар экен, көбүн сатып алды. Териштирип аягына чыгайын деген деле эч ким болбоду. Бийликке жеткенче “кыйратам” дегендер да убадасын аткарбады. Канча президент келди, бири да аягына чыккан жок. Мен такыр ишенбей калдым. Аксыдагы балдардын өлүмүнө кыргыздын жери Кытайга берилип кетиши себеп болгон. Бирок азыр аны эстеген эч ким жок, “аксылыктар өлгөн” деп коет. 17-мартта чогулушат, бапылдаган дүжүрлөрдү чакырып, сүйлөтүп бир жылкыны жеп алып, кийинки 17-мартка чейин кете беришет.
Аксы окуясынын чоо-жайын учурунда өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтык чыгарышкан. 2002-жылы Аксы трагедиясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын бүтүмүнө ылайык, негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленген. Кийинчерээк алардын айрымдары сот жообуна тартылып, көп өтпөй мунапыс менен бошоп кеткен. Комиссиянын бир мүчөсү - Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку соттун мурдагы жетекчиси Курманбек Осмонов комиссия күнөөлүүлөрдү жазага тартууга сунуш бергенин айтты: «Жергиликтүү, облустук, райондук бийлик күнөөлүү. Аларды республикалык масштабда башкарып турган жетекчилердин да күнөөсү бар. Тынч келе жаткан элди Боспиек деген ээн жерде тосуп чыгууга муктаждык жок болчу. Аларга курал колдонуу - аша чапкандык болгон” деп биз ачык жазып, бардык маалымат каражаттарына жарыяланган. Ага да ыраазы болбой аксылыктар Ошко, Бишкекке жөө жүрүшкө чыкканда да Каракөлгө сүйлөшүүгө баргам».
Курманбек Осмонов кийинчерээк Жогорку сотто төрагалык кылып турган учурда соттук коллегия Аксы окуясын караган. Бирок "кылмыш ишти кайра тергөөнүн зарылдыгы жок" деген чечим чыгарылган. Осмонов ал чечимге төрага катары эч кандай тиешеси жоктугун бекемдеп келет: «Мен Жогорку сотто турганда мага эч ким, эч кандай көрсөтмө бере алчу эмес. Аксы окуясы боюнча чечимди соттук коллегия чыгарган. Ал чечимге менин тиешем да, таасирим да жок. Ал иш боюнча мага басым-кысым жасамак тургай, көрсөтмө бере алмак эмес. Анткени, бул дүйнө коомчулугунун көзүндөгү иш эле. Мен Аксы окуясы боюнча БУУ баштаган эл аралык уюмдарда ошол эле Бекназаров, Дырылдаев (укук коргоочу), Төлөкан Исмаилова менен чогуу барып, өкмөттүн атынан баяндама жасап жүргөм».
Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечимин 2006-жылы июнда чыгарган. Ишти Башкы прокуратура Аксы окуялары боюнча кылмыш ишинде жаңы жагдайлар бар деген негиз менен сунуштаган. Башкы прокуратура бул иш боюнча мурдагы тергөөдө бийликтин жогорку тепкичиндеги жетекчилердин аракеттерине, «Тайфун» жана «Буран» операцияларына укуктук баа берилбегенин белгилеген. Акаевдин бийлигин кетирүү үчүн мурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиев менен биригип, кийин анын бийлиги тушунда баш прокурор кызматын ээлеп турган Азимбек Бекназаров эч нерсе деле кылган жок. Ал Акаевдин Аксы элине карата , «Тайфун» жана «Буран» операцияларына кол койгону тууралуу документ 2005-жылы баш прокурор болуп, Аксы окуясы тууралуу кайра тергөөнү жанданткан учурда табылган. Жашыруун документ болгону үчүн араң алышкан. Саясатчы Эмилбек Каптагаев болсо бул трагедиянын жабырлануучуларынын көксөөсү суугандай акыйкат тергөө Акаевден кийинки бийликтердин биринин да тушунда болгон жок деген пикирде: «Бекназаров 2005-жылы Аксы окуясы боюнча кылмыш ишин козгоп, тергей баштаган. Бирок ага иштин аягына чыгуусуна мүмкүнчүлүк берген жок. Аны кайра эле сентябрда иштен алып коюшту. Ошондон тартып, 2010-жылдын апрелине чейин бош жүрдү. Убактылуу өкмөттүн курамында да үч эле ай жүрдү. Ага эч мүмкүнчүлүк берилген жок. Ошондуктан, аны кызыкдар болгон жок деп айыптоо негизсиз. Аксы окуясына саясий-укуктук баа берүүгө кийинки бийликтер деле кызыкпады. Андан сабак алган жок. Негизи Аксы окуясы биздин мамлекеттин тарыхындагы орчундуу – окуя. Андан кийинки бийликти алмаштырган март, апрель, былтыр октябрдагы окуялардын баарынын тамыры бир. Ошонун баары Аксы окуясынан сабак албай, андан тыянак чыгарбаганы, бийликке келери менен аны чыңдап, кармап калууга аракеттенгени үчүн улам эл көтөрүлүп жатат».
Кийинки муун, жаштар арасында Аксы окуясына Азимбек Бекназаров негизги себепкер деген пикирлер арбын. Бекназаров өзү да ушул күнгө чейин Аксы трагедиясында адамдардын каны төгүлүүсүнө моралдык жоопкермин деп эсептейт: «Бул окуяга кандайдыр бир деңгээлде моралдык жоопкерчилигим бар экенин билем. Күнү бүгүнкүгө чейин бул жоопкерчилик көөдөнүмдү кысып келет. Атасыз өсүп жаткан балдарды, балдарын жоготкон ата-энелерди көргөндө, ошондо Үзөңгү-Кууш үчүн жан сабабай койсом болот беле?” деп өзүмө суроо салам. Бирок бир нерсени билем, мен Аксынын эли шайлаган депутат катары Жогорку Кеңеште отуруп, Үзөңгү-Кууштун Кытайга мыйзамсыз кетип жатканын билип туруп, унчукпай кое алмак эмесмин».
Аксы жергесинен башталган саясий күрөш президенттик үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланып, 2005-жылы мартта ал кездеги президент Аскар Акаевдин бийлигин кулатууга негиз берген. Аксы трагедиясынын тушунда, андан кийин март окуясынын алдында элде “үй-бүлөлүк башкаруу куласа, Акаев айланасындагылар менен чогуу бийликтен кетсе эле, демократия орноп, акыйкаттык өкүм сүрөт” деген чыныгы ишеним болгон экен. Биз ошол үмүт менен март окуясын ишке ашырдык эле. Бирок андай болбоду, үмүттөр акталган жок. А ны Бга, Бны Вга алмаштыруудан эч нерсе, система өзгөрбөй турганын аңдаган эмес экенбиз. Мен азыр ошол март окуясынын чыгышына салым кошконума өкүнөм. Аксы окуясынан бийлик гана эмес, коомчулук да сабак албаганы үчүн бүгүн Кыргызстан Борбор Азиядагы эң артта калган өлкөгө айланып отурат.
Аксы окуясында, тагыраагы 2002-жылдын 17-мартында беш киши октон, бир адам таяктан өлгөн. Ага чейин Азимбек Бекназаровдун боштондугун талап кылып, ачкачылык кармап отурган Шералы Назаркулов каза тапкан. Аксы окуясы боюнча иликтеген парламенттик жана мамлекеттик комиссиялар экөө тең анда мамлекеттик кызматкерлер, ошол кездеги президент, президенттик аппараттын жетекчилери жана дагы бир топ кишилер күнөөлүү деген тыянакка келген. Жалпы 39 кишинин фамилиясы аталып, кимдин кандай деңгээлде күнөөсү бар экени такталган. Жыйынтыгында ошол 39 адамдын үчөө гана жоопко тартылган. Садыр Жапаров 17-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg