www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти. Бул тууралуу маалыматты "Кылым шамы" укук коргоо уюумунун жетекчиси Гүлшаир Абдирасулова "Азаттыкка" билдирген.
Маалыматка караганда, бүгүн, 17-мартта, айрым жарандык активисттер менен укук коргоочулар элчиликтин алдында Украинаны колдоо максатында акцияга чыккан.
Эске салсак, 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг же башка акция өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Ага ылайык, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имараттары алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.
Ал эми милиция кармалгандар боюнча маалымат бере элек.
Булак: NazarNews.kg