www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Америка Кошмо Штаттарын Кытайдын мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына зыян келтирбөөгө чакырды. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян билдирди.
Анын айтымында, эгер АКШ бир тараптуу санкциялары болсо, алар кытайлык компаниялардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чечкиндүү түрдө коргойт.
«Кытай АКШнын бир тараптуу санкцияларынын ар кандай түрүнө каршы жана кытайлык компаниялардын жана жеке адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын катуу коргойт», - деди дипломат АКШнын Украина кризисине карата позициясы үчүн Кытайга каршы санкцияларынын келечеги тууралуу суроого жооп берип жатып.
Чжао Лицзянь Кытай АКШ тарапты Кытайдын мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына эч кандай зыян келтирбөөгө чакырат деп билдирди. Ал кошумчалагандай, санкциялар эч качан көйгөйлөрдү чечүүнүн эффективдүү жолу болгон эмес.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg