www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эльдар Алишеров: «Баалар туруктуу эле кармалып турат»

- Эльдар Туралиевич, өлкөбүз азык-түлүк менен канчалык камсыз болгон?

- Азыр дүрбөлөң түшкөнгө негиз жок. Ун бар, май бар. Материалдык резервде деле жетиштүү. Кырдаал туруктуу эле. Орусия тарабынан буудайды сыртка чыгарууга чектөө киргизилди.

Ал боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Алар деле «беребиз» дегендей кылышууда. Биздин ун чыгаруучу компанияларыбыз «сентябрга чейин 300 миң тонна алсак» деп суранышты. Бирок, биз 450 миң тоннадай алып койгону жатабыз. 

- Бул чечиле турган нерсеби?

- Ооба. Андыктан, ажиотаж кылып, дүрбөлөң түшкөнгө негиз жок.

- Бирок ундун, кумшекердин, өсүмдүк майынын кымбаттап жатканын кантебиз?

- Өзүңөр билесиңер да, инфляция болуп жатат. Бирок, баалар 2020-жылдардагыдай өтө көтөрүлгөнүн байкаган жокпуз. Эгер байкалса, биз бааны жөндөөнү киргизсек болот.

«Глобус», «Фрунзе», «Народный» сыяктуу ири соода борборлоруна кирип көрсөңөр, баалар туруктуу эле кармалып турат. Кимдир бирөөлөр көп сатып алып, базарга чыгарбасын үчүн «бир кишиге бир литрден май, бир килодон ун» деп чектөө киргизилген. Сиз деле бир литр майды бир күндө ичип салбайсыз да...

- Жакынкы күндөрдө ЕАЭБдин жыйыны өтөт турбайбы, ушул маселелер да каралабы?

- Каралат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости