www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Марлен Маматалиев азык-түлүктүн бааларын көтөрүп жибергендерге чара көрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кыйын учурларда айрым эл душмандары бааны негизсиз көтөрүп, товарларды кампасынан чыгарбай, дагы кымбаттаганда сатам деп басып отурат. Акчалуу адамдар дүңүнөн алып, кымбаттаганда кайра сатып жатат. Мына ушундай эл душмандарын КТРКдан болобу же соцтармактанбы, 24 саат элге көрсөтөлү. Ушундай эле жагдай валюта рыногунда дагы болуп атат. Учурда курсту негизсиз кымбаттаткандарга 17,5 миң сом айып салынат экен. Биз азыр айыптын көлөмүн 1 миллион сомго көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун жазып, коомдук талкууга чыгардык", — деди Маматалиев.

Ошондой эле, "бардык соода жүргүзүү сом менен болсун деген токтомдорубуз ишке ашпай жатат", - дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости