www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кремлдин Украинага кол салуу планынан Кытайдын кабары жок болчу, болбосо анын алдын алууга аракет кылмак. Бул тууралуу Кытайдын АКШдагы элчиси Цинь Ган билдирди. «Белгилей кетейин: Кытай бул согушту билген, макул болгон же үнсүз түрдө колдогон» деген дооматтар карандай калп. Бул дооматтардын баары айыпты башка жакка буруу жана Кытайды жамандоо максатында гана айтылат», - деди ал.
Элчинин айтымында, Украинада басып алуу учурунда 6 миңден ашуун кытай жараны болгон жана өлкөдөгү кырдаал такыр Кытайдын пайдасына эмес. «Эгер Кытай кризисти алдын ала билсе, биз аны болтурбоо үчүн колдон келгендин баарын кылмакпыз. Украинага карата Кытайдын позициясы объективдүү жана калыс: БУУнун Уставынын максаттарын жана принциптерин толук сактоо. Ошол эле учурда бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлоо, эгемендүүлүктү сактоо зарыл», - деп кошумчалады Цинь Ганг.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg