www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, сунуш-пикирлер айтылды.

Азизбек Турсунбаев Чаткал районундагы калың жааган кардын кесепетинен жолдор жабылып калганын белгилеп: “Ошондой эле айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлдү. Төрт сарай жана 150дөн ашуун мал кар астында калды. Андыктан Министрлер кабинети чыгымдарды эсептеп чыгып, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшү керек”, – деди.

Ага ылайык, аталган маселени президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмазбек Абытовго табыштап, көзөмөлгө алуусун өтүндү.

“Жергиликтүү эл кайрылып, аймактагы жол тейлөө мекемелеринин техникалары эскиргенин айтууда. Андыктан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги заманбап техникалардан бөлүп берип, табияты катаал аймакка колдоо көрсөтсө жакшы болмок”, – деп кошумчалады депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости