www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын бомбаларынан дүйнө боюнча жүз миңдеген адам жапа чекти деген АКШ президенти Жозеф Байдендин сөзүн Кремль кечирилгис деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Мамлекет башчынын бул өлкөнүн бомбасынан дүйнө боюнча жүз миңдеген адамдар каза тапты деген кургак чечендигин кечиримсиз деп эсептейбиз", — деген РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Белгилей кетсек, Байден Орусия лидерин "аскерий кылмышкер" деп эсептей турганын айткан. Ак үй пулунун журналисттери америкалык президентке бул темада суроо салып, Байден ага башын чайкап жооп бергенин видеодон көрүүгө болот. Ал залдын ичинде отургандар менен сүйлөшкөндөн кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайра кирип, берилген соболду кайталап сураган. Бул ирет ал ишенимдүүлүк менен жооп берген.

Эске салсак, Орусия 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинага каршы согуш баштап, аны "демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операция" деп атап келет. Президент Владимир Путин мындай кадамдын максаты "акыркы сегиз жылдан бери Киев режиминен запкы тартып келген элди коргоо" экенин билдирген. Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн соккулары аскердик инфраструктура жана украиналык күчтөргө гана урулуп жаткандыгын айтылып келет. Эки жактан тең курмандыктар көп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости