www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы 9-октябрда Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков, Руслан Казакбаев, Рыскелди Момбеков, Жеңиш Молдокматов ж.б. саясатчылар Садыр Жапаровдун бийликке келүүсүнө каршы аянтка чогулуп, чагымчылыкка кабылышкан.

Ал жерден криминалдык элементтер ок чыгарууга чейин барып, аларды ташбаранга алган. Мына ушундай кыл чайнашкан татаал жагдай жаралгандын натыйжада булардын ичинен баары эле ар кандай алкакта жол таап кеткен.

Бир гана жаш лидер Жеңиш Молдокматов саясый курмандык катары түрмөгө отуруп чыкты. А баса, Алмазбек Атамбаев да мурдагы жана ошол иштер боюнча абакта. А беркилери арасында соодалашып, качып кеткендери болду.

Бир гана шылуун Өмүрбек Бабанов кайрадан президент Садыр Жапаровдун ишкерлерди өнүктүрүү жыйынына «жыландай сойлоп» кирип, акыл айтып отурат. Бул кандай? Кыргыз саясатынын ашмалтайы чыга баштаганыбы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости