www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Акаев билим, илимине карабай ачкөздүк менен коррупцияны жайылткан. Мындай пикирин коомдук ишмер, экс-депутат Рамазан Дырылдаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
--Рамазан агай, Бишкек шаарындагы №61 мектептин директору Юрий Низовский кармалды. Анын камалышы коррупция мектептерде да гүлдөп кеткенинен кабар береби?
--"№61 мектептин директорунун кармалышы өкүнүчтүү. Тилекке каршы, Садыр Жапаров бийликке келгенче коррупция бардык тармакты ээлеген. Ошон үчүн күрөш болгонуна карабай, коррупция токтобой жатат. Өзгөчө билим берүү тармагында мындай көрүнүштөр көнүмүш эле болуп калган. Ага мисал президент Акаев билим, илимине карабай ачкөздүк менен коррупцияны жайылткан. Баардык кызматтарга кадрлар акчасыз коюлбай калган. Ошон үчүн коррупция гүлдөп, тамырлап кеткен. Биз коррупциядан арылабыз десек, коррупциялык системаны түп тамырын кырышыбыз керек. Болбосо коррупциядан арылалбайбыз. Ошондой эле жооптуу кызматтарга дымагы күчтүү, иштин көзүн таба ала турган таланттуу, намыстуу жаштарыбызды тартышыбыз керек.
--Коррупция Кыргызстанда эле гүлдөп жатабы же башка мамлекеттерде дагы барбы?
--"Биз күчтүү держава деген Орусия да дагы бар. Айтайын дегеним, Шанхай да жыл сайын дүйнө жүзүндөгү мыкты делген университеттердин рейтингин чыгарат. Рейтинги кошулган 500 университетте бир да орус университет кирбейт. Себебин сурасам орусияда коррупция күчөгөн, окуу жайларда коррупциялык жагдайлар бар дешкен. Ошондуктан мен Америка, Европадан билим алган чоң ийгиликтерге жетишкен, эркин ой жүгүрткөн жаштарыбызды көргөндө сүйүнөм.
Эми эркин ойлонгон жаштарга шарт түзүп беришибиз керек. Ошондой эле эки атуулдук алышын да мыйзамдаштырышыбыз зарыл. Ошондой болгондо гана четке билим алууга чыккан жаштарыбыз өз өлкөсүнө чоң салым кошо алат", - дейт Рамзан Дырылдаев.
Булак: NazarNews.kg