www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Тверь облусунда издөө иштери учурунда Жалал-Абад облусунда туулган Сатыбалды Жансеитовдун медальону табылды. Бул тууралуу "Биздин Жеңиш — Наша Победа" издөө кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптева билдирди.
Медальондо "Жансеитов (Джажетов/Джансаитов) Сатыбалды (Сатывалды), 1923, Кыргыз ССР, Жалал-Абад облусу, Октябрь району, Ворошилов атындагы колхоз. Жубайы Ханзада" деген жазуу бар.
Издөө кыймылы кыргызстандыктарга кайрылып, Жансеитовдун туугандарын табууга көмөктөшүүнү өтүнүүдө. "Память народа" порталындагы маалыматтарга караганда, ал 1923-жылы туулган. Кызыл армиянын катарына 1942-жылы тартылган. Согушка кеткенге чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Октябрь районундагы Ворошилов атындагы колхоздо жашаган. Медальондо жубайынын аты Ханзада деп жазылган. "Эскерүү китебинде" болсо Жансеитов дайынсыз жоголгон деп көрсөтүлгөн.
"Биз бардык мекендештерди издөөгө кошулууга чакырабыз. Себеби 23-август күнү жоокерлердин сөөгүнүн калдыктары Тверь облусундагы Зубцовский аймагындагы Веригино айылында кайра көмүлөт. Курман болгон жоокерди аскердик жана улуттук салтка ылайык туугандары же мекендештери, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү узатышы керек", — деди Лаптева.
"Биздин Жеңиш — Наша Победа" издөө кыймылы менен (0555) 923 603 номери же [email protected] дареги аркылуу байланышса болот.
Булак: NazarNews.kg