www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Эртеби-кечпи Акаев жоопкерчиликке тартылышы керек, анын кесепетинен Кумтөрдө адилеттүүлүк 30 жылдан кийин орноду», - деди бүгүн, 7-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.
- Рамазан агай, Кумтөргө 100 пайыз ээлик кылганыбызды бирибиз кубаттасак, бирибиз сындап жатабыз. Уттукпу же утулдукпу?
- Мынчалык күрөшүп, мамлекетке алгандан кийин албетте кубатташыбыз керек. Адилеттүүлүк болгондо 30 жыл мурун эле азыркыдай чечим чыгарып, мамлекет пайдасын көрө турган кылсак болмок. Мындан ары Кумтөрдүн пайдасын мамлекет көргөндөй болсун. Кумтөрдөн максаттуу пайдаланылып, элибиз жакырчылыктан чыксын.
Бирок мен бир нерсени түшүнө албай турам. Акаев суракка келгенде мамлекет үчүн маанилүү купуя сырларды айтып берип жатат дешкен эле. Президенттин мындай чечимге келишине Акаевдин жардамы болгонун көргөн деле жокмун.
Сот Акаевдин мынча пайыз үлүшү бар экен, конфискация болду деген чечим чыгарып койсо, чындыкка жакындамак. Эртеби-кечпи Акаев жоопкерчиликке тартылышы керек. Анын кесепетинен эл тартпаган азапты тартты. Кумтөрдө адилеттүүлүк 30 жылдан кийин орноду.
Булак: NazarNews.kg