www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сапар Исаков кремилде иштеп жатат деген маалыматтар чыгыа жатат. Эгер ошол чын болсо, эмнеге ИИМ же ТИМ тактабай жатканына түшүнө албай турам», - деди бүгүн, 6-майда NazarNews маалымат агенттигине мурдагы элчи Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, Сапар Исаков кремилде иштеп жатат деген маалымат тарай баштады. Ага жогору жак реакция кылып, кармап келүүнүн аракетин көрүшү керекпи?

- Сапар Исаков кремилде иштеп жатат деген маалымат басма сөз каражаттарында бир канча жолу жазылды. Эгер ошол чын болсо, эмнеге ИИМ же ТИМ тактабай жатканына түшүнө албай турам. Анткени, түрмөдөн качкан кылмышкер качканда өзгөчө кылмышкер катары издөөгө алынышы керек эле.

Эгер азыркы тапта анын кремилде иштеп жатканы чын болсо, ИИМ барып алып келиши керек эле. ТИМ талап кылып, прокуратура көзөмөлдөшү керек болчу. Же орустардан Сапар Исковду издебегиле деген көргөзмө келгенби? Же ал Россиянын атуулдугун алганбы?

Кыскасы, кылмышкерди издебегени, бул жакта иштеп жатат деген маалыматтар чыгып жатса да, укук коргоо органдары кайдыгерлик кылып маани беришпей жатышканына чыны менен таңгалып жатам.  Ошон үчүн бул ишти президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлгө алышы керек. Ошондой эле, бийлик бутагындагылар качан президенттен тапшырма келет деп күтпөй, иштегенге үйрөнүшү керек.

- Тажикстан согуш ачкандан кийин Равшан Сабиров эч бир кызматка келиши керек эмес дегендер да пайда болду. Тажикстандагы тажиктердин кылыгы үчүн Равшан Сабировду жектегенибиз туурабы?

- Коомчулук кеңешчи Равшан Сабировго нааразы деген маалыматты окуп калдым. Чынында кыргыздар бүт тажиктерди душман көрбөшүбүз керек. Өткөндөгү жаңжалды ал тарап деле туура болбогондугун түшүнүп эле турушат. Бирок, бет тырмачылык кылып, упай топтоп калуунун аракетин көрүп жатышат. Президент Садыр Жапаров биз бир канча кылымдан бирге коңшу жашап келе жаткан элбиз, тажиктер бизди, биз тажиктерди көчүрө албайбыз деп туура айтты.

Равшан Сабиров менин байкоомдо эң таза, мыкты жигиттердин бири. Кайсы кызматка иштебесин   жакшы иштеп, кыргызга күйүп кызмат кылган азамат. Жөн жерден чагымчылдыкты токтотушубуз керек.

Маселен, Францияда миллиондогон Африка, Араб өлкөлөрүнөн келип турукташып калган эл жашайт. Аларды француздар француз деп келишет. Биз дагы ошондой маданиятка жетишишибиз керек. Тажик дегенде Каныкей энебизди эстеп, баарын душман көргөндү токтотушубуз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости