www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биринчи жолу Кыргызстандын эли бардык мамлекеттик бийликти бир адамга президентке - жоопкерчилиги менен расмий берди», - деди бүгүн, 6-майда NazarNews маалымат агенттигине Малайзиянын Кыргызстандагы элчиси Азимбек Бекназаров.

- Азимбек Анаркулович, жаңы Баш мыйзамга кол коюлду. Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусу көптөрдү толкундантты. Эми Кыргызстан чын эле өнүгүү жолуна түшөбү?     

- Жаңы баш мыйзамга кол коюу аземи 5-майга же элибиз 22 жылдан бери Конституция күнү деп, майрам күн катары белгилеген күнгө туш келгени жакшы болду. Кандайдыр бир деңгээлде жаңы жашоо башталышы керек. Бирок, ал Конституция күчүнө кирсе эле дароо ишке ашып кетет дегендик эмес.

30 жыл бою мурдагы президенттерибиз Конституция турса деле, өз билгенин жасап келишпедиби?! Маселе канчалык деңгээлде биз укуктук мамлекет куралабыз, ошого жараша «жаңы жашоо башталат». Президенттердин «жалындуу» сөздөрүн» элибиз күндө эле угуп жатат. Акаевден тартып баарыныкын... Кыргызстан жаңыча өнүгүү жолуна түшүү үчүн президентибиз Садыр Жапаров мурдагы президенттердин жолунан чукул кетүүсү, аны элибиз билип, сезиши керек.

- Жаңы Баш мыйзам мурдагы конституциялардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

- Жаңы Баш мыйзамдын мурдагы Баш мыйзамдарда эки өзгөчөлүгү бар. Биринчи жолу башкаруунун түрүн, Кыргызстандын элине тандатып анан жазылгандыгында. Бул биринчиси.

Экинчиси болсо, биринчи жолу Кыргызстандын эли бардык мамлекеттик бийликти бир адамга президентке - жоопкерчилиги менен расмий бергендигинде. Мурдагылар узурпация жолдору менен бийлик ээлешип, бирок эч нерсеге жооп берчү эмес. Эми маселенин баарына бир гана адам, президент жооп берет!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости