www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт: Ворух анклавына айланма жол курулат

Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациясы биргелешкен билдирүү жасады. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнөн билдиришти.

Андагы маалыматка караганда, эки өлкө делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин жана кыргыз-тажик чек ара чеги юридикалык негизде бекитилгенче Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн «Ходжаи Аъло — Ворух» жолун курат. Кийин тажик тарап жолду колдонот жана оңдоп-түзөп турат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт.

«Бул жолдун статусу өзүнчө мамлекеттик келишим менен аныкталат. Тараптар бул жолду курууну макулдашып, топографикалык жумушчу топтун мүчөлөрүнө 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен районунун аймагындагы участканы изилдеп чыгуу тапшырылды. Эки тарап Капчыгай айылынын чыгыш тарабы менен айланып өткөн «Ходжаи Аъло – Ворух» жолу курулгандан кийин Ворухтагы кыргыз-тажик чек арасынын линиясын долбоорлоого киришүүнү макулдашты», — деп айтылат маалыматта.

Тараптар келерки жолугушуу Тажикстандын аймагында ишке ашарын айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости