www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рамис Мамбеталиев: “Тоо-кен тармагын өнүктүрүшүбүз керек”

20-сентябрда “Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Талас облусунда уланды. Партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов жана Талас облусунан чыккан талапкер Рамис Мамбеталиев эл менен жолугушуп, партиянын программасы менен тааныштырышууда.

Рамис Мамбеталиев тоо-кен тармагынын акыбалы тууралуу кеп козгоду.

“Тоо-кен өтө татаал тармак. Аны иштетиш үчүн ири суммадагы акча керек. Инвестиция тартуу көп эмгекти жана убакытты талап кылат. Бирок, инвесторлор менен келишим түзүп иштешкен күндө деле жергиликтүү эл буга нааразы. Буга кен байлыктардын мамлекетке пайдасы тийбегендиги, эл аралык экологиялык нормалардын сакталбагандыгы жана ал жерде иштеген кызматкерлердин эмгек укугу корголбогондугу себеп”, - деди ал.

Рамис Мамбеталиев партия шайлоодон ийгиликтүү өтүп калса, биринчи кезекте тоо-кен тармагы элдин пайдасына иштей тургандыгын убада кылды.

“Тоо-кен тармагындагы келишимдер, экологиялык долбоорлор, эмгек мыйзамдары жана ички тартиптер жөнгө салынат”, - деди ал.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 20- сентябрь, 2020-жыл.

Последние новости