www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинадагы салгылашууда чечен жоокери өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн чечен желегин көтөргөн видеону жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Мен ар дайым таң калып, ошол эле учурда коркунучтуу, ал тургай өлүмгө дуушар болгон кырдаалда жылмайып турган адамдарга суктанчумун. Булар эрктүү жоокерлер экени талашсыз, алар үчүн эч бир командир эч качан уялбайт. Өзүңөргө сак болгула, туугандар! Жакында мунун баары ийгиликтүү аяктайт», - деп жазды Кадыров Telegram каналында.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости