www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай жана Индия сыяктуу зор державалар АКШнын Орусияга койгон санкцияларына маани бербей, Орусия менен кызматташтыгын көбөйтө баштады. Ошондон улам Орусияны ооздуктоо үчүн Кытай менен тил табышууга АКШ аракет кыла баштады.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жозеф Байден Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жума күнү саат 16.00дө телефон аркылуу сүйлөштү. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен мурдараак айткандай, Байден сүйлөшүү учурунда Кытай жетекчилигине - эгер Кытай Орусиянын Украинадагы аракеттерин колдоп чыкса, Вашингтон эч кандай чара көрбөй турганын айткан.

Бирок буга чейин Кытай мамлекети АКШга Орусияга салган санкциялары үчүн бир нече жолу эскертүү берген. Учурда Кытайга эле карызыбыз 1 млрд 711 млн доллар. Кыргызстандын Кытайга болгон карызы мамлекеттин ИДПсынын 30 пайызына туура келет.

Алып кайра берип, кээ бир мамлекеттер кечип отуруп Кыргызстандын жалпы тышкы карызы: 3 миллиард 764 млн. доллар. Бул акчанын 1 млрд 711 млн долларын Кытайдын Эксимбанкынан алган. Кытай элчиси аркылуу кечпейбиз дегендей кылды.

Кытай 2000-2009-жылдары 35 африкалык өлкөнүн жалпы саны 2 млрд. 850 млн. доллар карызын кечкен. Жөн эле кечпесе керек. Андан кийинки Кыргызстандын көп карызы Японияга тиешелүү, бул жакка 237 млн. доллар, Германияга 83 млн. доллар карызпыз. Кытай ал эмес Орусия сыяктуу мамлекеттин насыясын үчтөн бир бөлүгүн кечти.

Бирок, кандай шартта кечкени купуя бойдон. Орусиянын жалпы тышкы карызы 500 млрд. долларды чапчыйт. Мунун ичинен АКШга 22 млрд. доллар болсо, Кытайга 800 млн. доллар. Путин келгени карыздар азаюу үстүндө.

Кытай Шри-Ланканын жаңы салынган портун өздөрүнө ылайык шарт менен 99 жылга ижарага алып койгон. Мындай көрүнүш Тажикстанда да болду. Алар Кытайга Жогорку Кумарг алтын кенин «Дүйшөмбү-2» ТЭЦинин курулушу үчүн өткөрүп берген. Бул ТЭЦти курууга Кытай 330 млн доллар бөлүп берген. Согду облусундагы кенди ТЭЦти курган ТВЕА компаниясы иштетип, курулушка салынган бардык каражаттарды жапканча тажик кенинен алтын өндүрөт.

Эмне биз 2029-жылы «ме» деп 1 млрд 711 млн доллар карызыбызды бере алабызбы? Акыркы мезгилдерде Кытай катуу өнүгүп чет мамлекеттерге 100 миллиардаган насыяларды бере баштаганы белгилүү.

Кытайдан чоң суммадагы карыз алган мамлекеттердин саны 100 мамлекетке жетти. Кытайдын экономикасын иликтегендер Кытай ачык да жана мамлекеттик сыр бойдон катылуу жабык да дүкүлдөтүп карыздарды туш тарапка чачып жатат. Ушул карыздардын барын эсептегенде Кытайга болгон карыздар триллион долларга жетиптир дешет. Кытайдын тышкы карыз саясатында катылбаган сыр болбогондо, бул көрсөткүч даана билинип турмак.

Мисалгы алсак, Түркмөнстандын Кытайдан алган насыясы белгисиз болуп турат, болжол менен 6-7 миллиард доллар болушу мүмкүн. Эзил кайран СССРден калган мамлекеттерден Кытайдан карызды көп алган мамлекеттер Белорус, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан.

Беларустун Кытайга болгон карызы өз өлкөсүнүн ИДПсынын 31 пайызын түзсө, Тажикстандыкы 15 пайызын түзөт. Кытайга эң көп карыз болгондор Тонга, Лаос, Жибути, Монголия, Мальдив аралдары, Пакистан, Черногория жана Конго республикасы. Учурда Кытай короновирусту жеңип чыктык дегендей билдирүулөрүн таратып жатат.

Өз элине каатчылык түшүрүп, мажбурлап, болуп көрбөгөндөй кысым кылып, бирок дүйнөнү бул алааматтан сактап калышты. Башка мууну бошураак чоң мамлекеттен башталса кудай билет эле уландысын.

Коронавирус оорусу тез жайылышына байланыштуу Дүйнө өлкөлөрү вирус менен күрөшүү иш-чаралар жагынан Кытайдан үлгү алышы зарыл. Кытайдын бийлиги өлкөнүн өкмөттөрүнө бир маанилүү сабак берди-бейтаптардын тесттерди жана дарылоого кеткен чыгымдарын төлөп берүүгө даяр кылды. Кытайда коронавируска тесттен өтүүгө болжол менен 53 доллар кетет.

Өлкөнүн эң бай шаары деп аталган Шэньчжэн шаарында COVID-19 вирусу чыккан бейтаптардын дарылоонусу 800 доллардан 3,3 миң долларга чейин жетет. Өлкөдө вирусту дарылоодо колдонгон кээ бир ыкмалары кымбат турат, бирок ага кеткен чыгымдар өкмөт тарабынан төлөнөт.

Өкмөт дарылоого 15 млрд доллар бөлүп берген. Вирусту 1000ден ашуун адам жуктурган АКШда вирусту аныктоодо атайын тест тапшырганда төлөм төлөнбөйт. Бирок бир ооруканага барганың эле көп сумманы талап кылат - бир жолу көрүнгөнүң болжол менен 3,2 миң доллар чыгым кетет.

Буга чейин Кытайда COVID-19 кырдаалы жакшырып бара жатканы маалым болгон. Расмий маалыматтар боюнча бир суткада 1578 адам вирустан айыккан. Ал эми жаңы жуктургандардын саны 24кө жеткен.

Кытай Бишкек ТЭЦти модернизациялоого 386 миллион доллар, «Датка-Кемин» долбооруна 390 миллион доллар бөлүп берди. Андан тышкары Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна жана башка долбоорго насыя берип отуруп учурда Кытайга эле карызыбыз 1 млрд 711 млн доллар. Кытай элчиси аркылуу кечпейбиз дегендей кылды.

ШКУ боюнча кызматташкан Кыргызстан Бишкектен 3. 371 гектар жер берип, Бээжинден 25 сотых жер алышы мүмкүн деп да айтылып жүрөт. Мүмкүн коронавирус оорусунан жабыркаган Кытай жибип кетип, Кыргызстанга болгон карыздарын кечип жиберер? Эмнеси болсо да 2029-жылдан баштап төлөө мөөнөтү башталат.

 Аизбек Келдибеков, NazarNews.kg

Последние новости