www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-мартта, кыргыз-тажик чек арасында эскертүү иретинде асманга ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районуна караштуу Борбордук айылында чек арачылар УКМК кызматкерлери менен биргеликте кампалардын биринен пластик жүктөлгөн Hyundai-Porter үлгүсүндөгү автоунааны тапкан. Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн машинаны чек ара заставасына жеткирүү чечими кабыл алынган. Кампанын ээси рулду башкарып, УКМКнын эки чек арачысы аны коштоп жөнөгөн.

"Арка-Борбордук айылына жеткенде айдоочу Тажикстандын 15-20 жараны топтошуп турган жерге автоунааны токтотуп качып кеткен. Тажикстандыктар Кыргызстандын чек арачыларын кармоого аракет жасаган. Hyudai-Porter унаасынын артында келе жаткан "Жаңы жер" чек ара заставасынын жетекчиси асманга эки ирет эскертүү иретинде ок чыгарган. Тажикстандыктар кыргыз чек арачыларын кармап кала албаганы менен, бир даана огу жок Калашников автоматы менен бир радиостанцияны алып кетүүгө үлгүрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Чыр-чатактын ырбап кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарындагы чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөштү. Натыйжада жакынкы аралыкта жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынып, тажик тарап автомат менен радиостанцияны тапшыра турган болду.

Саат 18:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости