www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Жозеф Байдендин уулу Хантер Байдендин инвестициялык фонду Пентагондун Украинадагы аскердик-биологиялык программасын каржылоого катышкан. Бул тууралуу РИА Новостиге Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүнүн башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов билдирди.

"Сырттан келген материалдар АКШнын мамлекеттик органдары менен Украинанын биологиялык объектилеринин ортосундагы өз ара иштешүү схемасын байкоого мүмкүнчүлүк берет. Бул ишмердүүлүктү каржылоого Американын азыркы президентине жакын түзүмдөрдүн, тагыраагы, Хантер Байден башкарган Rosemont Seneca инвестициялык фондунун катышуусу көңүл бурдуртат", — деген Кириллов брифингде.

Ал кошумчалагандай, фонд ири каржы ресурстарына ээ. Ошол эле учурда Американын аскер мекемелери менен тыгыз байланышта экени айтылат. Анын арасында Пентагондун биолабораторияларына дүйнө жүзү боюнча жабдууларды жеткирген компаниялар бар. Кирилловдун айтымында, АКШнын Украинадагы аскердик-биологиялык программаларын каржылоого Сорос фонду өңдүү уюмдар катышкан.

Буга чейин РФтин Коргоо министрлиги өз презентациясында АКШ Украинадагы биолабораториялардын ишине 200 миллион доллар коротконун айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу биологиялык куралга тыюу салуу боюнча конвенциянын алкагында консультация жүргүзүлөөрүн билдирген.

Ал эми Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лизцянь Вашингтонду бул кадамы тууралуу түшүндүрмө берүүгө чакырган. БУУ болсо - уюмдун Украинадагы аскердик биологиялык программалардын бар-жогун иликтөөгө мандаты жок экенин билдирген.

Булак:  NazarNews.kg 

 

Последние новости