www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОго кирген өлкөлөрдүн башчыларынын 24-мартта Брюссель шаарында өткөн саммитинде Түндүк атлантикалык келишим уюмунун Борбордук жана Чыгыш Европадагы мүчөлөрүнүн коопсуздугун бекемдөө макулдашылды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Румыния, Болгария, Венгрия жана Словакияга НАТОнун жаңы күчтөрү жайгаштырылат.

Саммиттен кийин басма сөз жыйынын өткөргөн уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО Украинаны колдоону улантууну, ага курал жана жабдууларды жөнөтүүнү макулдашканын билдирди. Конфликттин күчөп кетишин алдын алуу үчүн НАТО Украинанын аймагына аскерин киргизбөө боюнча мурдагы позициясында калганын белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский саммитте видео байланыш аркылуу кайрылуу жасап, Түндүк Атлантикалык уюмду Орусиянын агрессиясы менен күрөшүп жаткан Киевге колдоосун көбөйтүүгө чакырды. Ал уюмдагы танктар менен учактардын жок дегенде 1% болсо да Киевге берүүсүн өтүнүп, украин аба мейкиндигинде учууга тыюу салууну суранды.

Столтенберг аскердик жардам берүүнүн деталдары ачыкталбай турганын билдирип, бирок уюмдун лидерлери "Украинага учуусуз зона киргизүүдөн баш тартышканын" кошумчалады. Саммитте Столтенбергдин аталган кызматтагы мандатын 2023-жылдын күзүнө чейин узартуу чечими да кабыл алынды.

Соңку саммитке уюмга мүчө мамлекеттер - АКШнын президенти Жо Байден, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана башка өлкөлөрдүн лидерлери катышты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости