www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия-Украина тиреши курчуп, ал ар бир жарандын көңүл чордонунда. Аягы белгисиз согуштун коркунучтары, өзөктүк куралдар тууралуу профессор Каныбек Осмоналиев агайдын терең аналитикасы менен таанышыңыздар.

Бул күндөрү Россия–Украина–НАТО согуштук конфликттери өзүнүн апогейине жетип отурат. Өкүнүчтүүсү – карапайым жарандардын өлүмү. Эки жактын тең аскер күчтөрү катуу жабыр тартууда.

Өлгөн аскерлердин саны күн сайын өсүүдө. Ушундай апаат күндөрдүн фонунда жалпы адамзатты тукум курут кылып жибере турган эки коркунучтуу куралдын колдонулуп кетүү ыктымалдуудулугу мени физик-окумуштуу катары катуу ойлонтууда.

Булар – өзөктүк жана биологиялык (бактериялык) куралдар. Экөө тең элдерди массалык кыргынга учурата турган согуш арсеналдары. Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиянын Мюнхен шаарында эл аралык конференцияда доклад жасап жатып, Украинанын өзөктүк статусун кайрадан калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин кыйытты.

Бул өтө коркунучтуу жана жоопкерсиздүү билдирүү болду. Анткени 1994-жылы Будапештте кол коюлган меморандумга ылайык, Украина өзүнүн коопсуздугуна кепил берилсе, ал өзөктүк куралды иштеп чыкпоого жана өзүндөгү өзөктүк арсеналды жок кылууга милдеттенме алган. Бул кепилдикке гарант болушуп Россия, АКШ жана Улуу Британия кол койгон.

Кийинчерээк бул меморандумду Кытай менен Франция дагы жактырып, расмий макулдугун бергеен. Анан эмне болду? 24-февралда Россия Украинага каршы "атайын операцияны" баштап жиберди! Натыйжада, бүгүнкү күнгө чейин кыйраткыч согуш уланууда. Эми эмне болот?

Айласы кеткен Украина Будапешт меморандумунан чыга качып, өзүнүн өзөктүк жана бактериялык куралдарын колдоно баштабайбы? Андай апаатка жооп кылып Россия өзүнүн өзөктүк куралын толугу менен колдонсо, Жер планетасы кантет? Бир гана үмүт “Украина өзүнүн кыйраткыч куралдарын жасоого үлгүргөн жок” деп туралы!

Украинанын кийинки тарыхында кээ бир жоопкерсиз саясатчылар атом жана өзөктүк бомбаларды жасоону пропагандалай баштаган. Мисалы, "Свобода" аттуу Украина улутчул партиясынын лидери Олег Тягныбок баштаган "согуш ылаачындары" ачык эле өзөктүк эскалацияга чакырык жасап келишти.

Аларга убагында көп деле көңүл бурулбаганы менен эми Украинанын президенти Мюнхенде “балп” эттирип салбадыбы. Ушундан улам ой пайда болду: "Украинада өзөктүк курал жасоого реалдуу шарттар бар беле?" деген. Алардын техникалык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жетишерлик эле бар!

Алсак, Днепропетровск шаарындагы атактуу "Южмаш" ракета жасоочу заводдо СССР убагында Р-36М (РС-20А), Satan (Сатана) оор ракеталык комплекстер чыгарылып турчу. Мындан сырткары, дагы ири заводдору бар: Павлограддагы күйүүчү катуу заттарга негизделген кыймылдаткычтарды, ракеталардын өзүн жасаган завод, ракеталык-космикалык техниканы иштеп чыгууга багытталган "Хартрон" (мурдагы "Электроприбор") ишканасы, кораблге каршы колдонулуучу "Нептун" заводу, ж.б.

Бирок, ошондой болсо дагы 90- жылдардагы кыйраткыч саясат украиндиктердин дагы алын курутту. Өндүрүштөрү арбын эле талкаланды. Өз күчтөрү менен жаңы согуштук ишканаларды деле кура алышкан жок. Анткен менен теоретикалык түрдө Украина ядролук куралдарды чыгарууга жөндөмү бар.

Мисалы, Түндүк Корея республикасы өзөктүк курал жасап алышты го. Ооба, “убагында корейлер СССРдин технологиясын ошол эле украиндер аркылуу сатып алган” деген версия айтылууда. Мындан сырткары, Украинада уран кендери дагы жетиштүү. Кировоград жана Днепропетровск облустарындагы "Восточный ГОК" ишканасы уранды азыркыга чейин өндүрүп келет.

Ал эми Новоконстантиновка уран кени Европадагы эң ири запастуу кен катары белгилүү. Анын жалпы кору 76 миң тонна деп айтып жүрүшөт. Эми ушундай потенциал менен эртеби-кечпи курал жасалып калышы мүмкүн да. Анүстүнө аларга АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү аянбай жардам беришүүдө.

Учурдагы согуш ушундай натыйжалары менен дагы коркунучтуу! Ал эми Россия болсо, өзүнүн өзөктүк арсеналы менен дүйнөдөгү эң кубаттуу державага айланып алды. Жакында эле президент Путин өзүнүн коргоо министри менен генштабдын башчысына атайын куралдарды колдонуу үчүн өзгөчө кызматтык тартипке өтүүгө буйрук бергени, албетте, баарыбызды ойлондурбай койбойт!

Батыш болсо тынчсыздана баштады. Дагы бир коркунучтуу жагдай бар. Ал Украинанын аймагындагы атомдук электр станциялары (АЭС)! Согуш учурунда алар аварияга учурап, атом-өзөктүк катастрофа башталса эмне болот?

Ошондуктан орустар операциянын башталышында эле баягы трагедияга тушуккан Чернобыль АЭСин курчап алды, көзөмөл кылып жатат. Запорожье АЭСинин бир агрегаты жабырланып, Кудай аз жерден сактады. Чыккан өрттү өчүрүп калышты.

Бирок мындан сырткары дагы Украинанын эки АЭСи бар. Баардыгы болуп төрт АЭС. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылышып, кээ бир "эркин адистер" “Украинада “булганыч өзөктүк бомбалар” жасалып жатышы мүмкүн” деген маалыматтарды бере баштады. Аны жасоо оңой эле болуп, самолеттун бортунан эле чачып жиберсе болот экен.

Эми акыркы учурларда Украина аймактарынан биологиялык курал жасоочу лабораториялардын бар экендигин көрсөтүп жатышат. Иши кылса, дүйнө эли коркунучта! Батыштын Россияга каршы колдонулган экономикалык санкцияларынын дагы кесепети башталды.

Мындай терең ойлонулбаган чаралар бир эле орустарга эмес, эми өздөрүнө дагы терс кедергисин берип жатат. Катуу жараланган Россия бурчка такалып калса, акыркы күчүн көрсөтүп, өзүнүн зор кыйраткыч күчү бар өзөктүк куралын колдонуп жибербейт (!) деп ким кепилдик бере алат? Анда НАТО менен АКШ дагы жөн отуруп алмак беле?

Ошондуктан, согуш тез аранын ичинде токтошу керек. Каршылашкандар дипломатиялык сүйлөшүүлөргө баруусу абзел! Башка жол жок, болсо дагы ал Жер шарын кыйроого алып келчү катастрофа болот!

Булак: Азия News гезити

Последние новости