www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналында АКШнын бийлиги адам укуктары менен эркиндиктерин бузгандыгы, ошондой эле соттон тышкаркы киши өлтүрүүлөр үчүн жоопко тартылышы керек деп билдирди. Ал БУУга тиешелүү өтүнүч менен кайрылган.

Чечен лидери АКШдагы кырдаалга көз салып жаткандыгын белгиледи. Кадыровдун айтымында, өлкөдө укук коргоо органдары ар дайым жарандардын укугун бузуп келишет: аларды сабап, муунтуп, автоунаалар менен өлтүрүп салышат.

Чечен Республикасынын лидери АКШ бийлигинен "мыйзамсыздыкты токтотууну" талап кылып, БУУга кайрылып, Америка жетекчилигине чара көрүүнү суранды. Кадыров чиновниктер мыкаачылык үчүн жооптуу экендигин баса белгилеп, алардын арасында күнөөсүз адамдарды куугунтуктоо жана өлтүрүү жөнүндө сөз кылды.

Буга чейин маалым болгондой, Миннеаполис шаарында (Миннесота, АКШ) полиция кызматкери афроамерикалык Джордж Флойдду камакка алуу учурунда муунтуп өлтүргөн. Кылмыш Американын көпчүлүк шаарларында нааразычылык акцияларын жаратты, алардын көпчүлүгү массалык башаламандыкка айланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости