www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Доскул Бекмурзаевдин ордуна келген Таалайбек Ибраев Ширшовдун жакын адамы», - деди бүгүн, 15-сентябрда маалымат агенттигине энергетика боюнча эксперт Расул Үмбөталиев.

- Расул мырза, Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата эки кылмыш ишин козгоду. Министр башкы прокурор ага жеке кызыкчылыгынан улам иш козгоп жатканын билдирди.  Кылмыш иши туура эле козголдубу же жон эле козгоп, саясат кылып жатышабы?

- Биринчиден Доскул Бекмурзаевге кылмыш иши туура эле козголду. Экинчиден, анын ордуна Таалайбек Ибраевди министрдин орун басары деп жана министрдин милдетин убактылуу деп дайындап коюшту. Чынында Таалайбек Ибраев Ширшовдун жакын адамы. Ага бир топ кылмыш иштери козголгон. 2 ай мурун эле министрдин орун басарлыгы кызматынан алынган.

Эске салсак, буга чейин көзөмөл органы министрге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Өз кезегинде министр энергосекторго киргизген тартиби баарына жакпай калганын айткан.

Бүгүн Башкы прокуратура Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 миллион 54 миң 197 сомду түзгөнүн билдирген.

Башкы прокуратуранын дагы бир маалыматында Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын, «Улуттук энергохолдинг», «Кыргыз жылуулук энерго» ишканаларынын кызматкерлерине эмгек акыларга кошумча үстөктөр, иш сапар чыгымдары мыйзамсыз төлөнгөндүгү айтылып, отун ресурстарын сатып алуулар жана башка фактылар боюнча 11 кылмыш иши козголгону жазылган.

Доскул Бекмурзаев президенттин жарлыгы менен энергетика министри кызматынан тергөө бүткөнгө чейин четтетилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости