www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Вэньчан космодромунан (Хайнань провинциясы, Түштүк Кытай) космоско жаңы «Чжунсин-1Е» спутнигин ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу NazarNews'ка Кытайдын CCTV-Plus агенттиги билдирди.

«Чжунсин-1Е» спутниги Пекин убактысы боюнча 21 саат 18 минутада «Лонг-Март-7» ташуучу ракетасынын модификацияланган версиясы менен учурулду жана өзүнө бекитилген орбитага ийгиликтүү кирди», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, спутник үн билдирүүлөрүн, маалыматтарды, радио жана телесигналдарды берүү боюнча жогорку сапаттагы кызматтарды көрсөтөт. Учурдагы учуруу буга чейин Long March сериясындагы ракеталар үчүн катары менен 437-чи болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости