www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Расул Умбеталиев, Энергетика тармагы боюнча көз карандысыз эксперт:

“Электр тартыштыгынын себеби Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайды”.

--Расул мырза, быйылкы күз-кыш мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы болот деген маалымат чыкты. Чын эле абал ошончолук оорбу?

-- Туура, абал оңой эмес. Министрлер Кабинетинин расмий документинде быйылкы жана кийинки кышкы мезгилге (2025–2026-жылдарга) карата 4,6 миллиард кВт/саат электр энергиясы жетишпей турганы көрсөтүлгөн. Бул абдан чоң көрсөткүч.

--Эмне себептен ушундай тартыштык болуп жатат?

--Негизги себеп Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайды. Былтыркы жылга салыштырмалуу 1,5–1,6 миллиард куб метрге кем. Суу аз болсо, ГЭСтер аз иштейт. Мындан улам электр өндүрүшү төмөндөп жатат.… 

-- «Электр станциялары» акционердик коому кандай отчет берди?

--Компания өткөн жылы ГЭСтерден 13,5 миллиард кВт/саат, ЖЭБтен 920 миллион кВт/саат электр өндүргөн. Ал эми быйыл ГЭСтердин өндүрүшү 12,8 миллиард кВт/саатка чейин түшөт деп пландалууда. Бул — дээрлик 5 пайызга аз. Азыркы эсеп боюнча 4,6 миллиард кВт/саат жетишпейт. Бирок суу азайган сайын өндүрүш да кыскарат, ошондо 5 миллиард кВт/сааттан ашык тартыштык болушу ыктымал.

-- Бул абалды кандайча жөнгө салуу пландалууда?

-- Энергетика министрлиги сууну үнөмдөйт, Токтогулдагы сууну 2026–2027-жылдардын кышына сактап калуу көздөлүүдө. Ошондой эле министр Таалайбек Ибраев коңшу өлкөлөрдөн электр сатып алууга аракет кылууда. Бирок бул да оңой эмес, анткени Өзбекстан менен Казакстан өздөрү да азыр тартыштыкта — ар бири 3–4 миллиард кВт/саат жетишпей жатат.

--Президенттин өзгөчө кырдаал режими тууралуу эмне дейсиз?

-- Президент Садыр Жапаров 2023-жылы энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Ал 2026-жылдын аягына чейин созулат. Бул режимдин негизги максаты элди жана ишканаларды токтобогон электр менен камсыз кылуу. Ал чечимдин аткарылышы үчүн жеке жооп министр Таалайбек Ибраевге жүктөлгөн.

Жамиля МЫКТЫБЕК кызы

Последние новости