www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 30-октябрда, АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушууда Кытай менен Америка ортосундагы кызматташтык «Алп кеме» сыяктуу ишенимдүү жана туруктуу алдыга жылууга тийиш экенин белгиледи. Бул тууралуу NazarNewsка  "CCTV-plus" билдирди. 

Жолугушуу Си Цзиньпиндин Түштүк Кореяга болгон мамлекеттик сапарынын жана АТЭСтин 32-жолугушуусуна катышуусунун соңунда, Пусан шаарына жөнөөр алдында өттү.

Кытай лидери эскерткендей, Дональд Трамп кайра президент болуп шайлангандан кийин экөө үч жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, кат алышып, тыгыз байланышта болуп турушкан.

«Эки өлкөнүн башчыларынын биргелешкен жетекчилигинин алдында Кытай менен АКШнын мамилелери жалпы алганда туруктуу өнүгүүдө», — деди Си Цзиньпин.

Анын айтымында, жакында Куала-Лумпурда өткөн сүйлөшүүлөрдө тараптар негизги маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишип, бүгүнкү жолугушууга бекем негиз түзүштү.

«Экономикалык системаларыбыз ар башка болгондуктан, көз караштар дайыма эле дал келе бербейт. Бул табигый көрүнүш. Дүйнөдөгү эң ири эки экономика катары кээде пикир келишпестиктер жаралышы  бул кадимки эле нерсе», — деди ал.

Си Цзиньпин Дональд Трампка кайрылып:

«Биз экөөбүз Кытай–АКШ мамилелеринин рулунда турабыз. Ар кандай шамал менен толкунга карабай, туура багытты кармап, алдыга ишенимдүү жылышыбыз керек. Кытай–АКШ мамилелеринин бул алп кемесин токтотпой, бекем сүздүрүшүбүз зарыл», — деп белгиледи.

Ошондой эле Си Цзиньпин Кытайдын “Улуттук жаңылануу” максаты АКШнын “Американы кайра улуу кылабыз” деген концепциясы менен айкалышып, эки элдин да өнүгүүсүнө өбөлгө түзө аларын белгиледи.
«Кытай менен АКШ атаандаш эмес, тескерисинче бири-бирине таяныч, өнөктөш жана дос болушу керек. Бул — тарыхтын сабагы жана азыркы доордун талабы», — деди ал.

Кытай төрагасы эки өлкө дүйнөлүк тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн өз ара ишенимди бекемдеп, эл аралык кызматташтыкка жаңы дем берүү маанилүү экенин кошумчалады.

Анын айтымында, Дональд Трамп аймактык маселелерди чечүүдө активдүү позицияда, ал эми Кытай да глобалдык көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен жөнгө салууга умтулууда.

«Азыркы дүйнөдө кыйынчылыктар көп. Ушундай шартта Кытай менен АКШ чоң державалар катары жоопкерчиликти тең бөлүшүп, биргелешип иш жүргүзүүгө тийиш», — деди Си Цзиньпин.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн өз ара кызматташуусу эки элдин гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн жыргалчылыгы үчүн чоң натыйжаларды алып келерин белгиледи.

Последние новости