www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун, коомду бириктирүүнүн жана абалды турукташтыруунун жолдорун сунуш кылды.

Жээнбековдун айтымында, алгачкы кадам бийликтин саясий куугунтуктоону токтотуусу зарыл.

Экинчи кадам катары ал соттор бийликтин буюртмасы менен эмес, калыс иштөөсү керектигин атады.

Мындан тышкары Жээнбеков күч түзүмдөрү саясатчыларды жана жарандык активисттерди куугунтуктоосун токтотушу зарылдыгын белгилеп, 5-октябрдагы окуя камоо, куугунтуктоо жана коркутуп-үркүтүү өлкөнүн жана бийликтин көйгөйлөрүн чечпей турганын көрсөткөнүн кошумчалады.

Ошону менен бирге саясатчы парламенттин жаңы төрагасы, жаңы өкмөт башчы жана президент өзгөчө ой жүгүрткөн жарандык активисттерге, саясий оппоненттерине, журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына сый мамилени сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтүшү зарылдыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун 5-октябрдагы массалык акциясы башаламандыкка чейин жетип, бир катар администрациялык имараттар тартып алынган. 6-октябрдын түнүндө айрым саясатчылар менен бирге Равшан Жээнбеков да абактан бошотулган.

Ошондой эле ал 11-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка барып келген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости