www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарынын милиция бөлүмү үй-бүлөлүк чырдан улам үч адамдын бычакталышы боюнча окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Бул тууралуу 14-октябрда облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 12-октябрда болгон. Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан алган жаракат менен үч адам түшкөн.

Бул факт Кылмыш жана жорук бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Милициянын баштапкы маалыматына караганда, үй-бүлөлүк уруш учурунда 46 жаштагы аял, анын 36 жаштагы күйөө баласы жана 27 жаштагы келин жараат алышкан. Үчөө тең ооруканада милициянын кайтаруусунда жатат. Урушка эмне себеп болгону расмий айтыла элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости