www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Равшан Жээнбеков бүгүн абактан чыгабы?

Равшан Жээнбеков бүгүн абактан чыгат. Бул тууралуу журналист Алмаз Темирбек билдирди.

«Сооронбай Жээнбековдун учурунда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып ак жеринен абакка камалган, кийин октябрь окуяларында үй камагына чыгып, бирок азыркы бийлик үй камагынын шартын бузду деген негизде кайрадан камап салган. Белгилей кетчү жагдай, Равшан Жээнбековго карата тергөө, сот бир жылдан ашык убакыттан бери далилдүү күнөө коё алышкан жок.

Учурда Равшан Жээнбековдой демократия, идея үчүн күрөшкөн саясатчы аз. Дал ушул Кыргызстандагы демократия жана парламентаризм идеялары үчүн жакшы эле куугунтукталды. Мыйзамсыз, күнөөсүз түрмөдө отурду. Эми биротоло акталышы керек деп эсептейт элем», - деп билдирди ал.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, «үй камагынын талаптарын бузду» деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости