www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кол тамгага шылтоолоп шайлоого кимдир бирөөнү катыштырбай кою туура эмес. Мындай пикирин бүгүн, 7-декабрда президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, кол тамга атайылап авторитардык бийликтер тарабынан ойлоп чыгарылган тоскоолдук.

“Кол тамгага шылтоолоп шайлоого кимдир бирөөнү катыштырбай кою туура эмес.

Кол тамга атайылап авторитардык бийликтер тарабынан ойлоп чыгарылган тоскоолдук. Бул тоскоолдукту БШК андан дагы чаташтырып таштаган.

Кол тамга чогултууда дарек, паспорт номери, телефон номери, чогулткандардын колу, качан чогултуу керек деген кошумча тоскоолдуктар такыр акылга сыйбаган жасалма талаптар.

Булардын баары жок болушу керек“, – деп билдирүү жазды Равшан Жээнбеков.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 3-декабрында БШКга президенттикке талапкер Равшан Жээнбековдун кол коюу документи түшкөн. Тапшырылган колтамгалардын саны – 39 874.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости