www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Равшан иним, Кыргызстандагы саясий абал тууралуу кеп кылсак?..

 - Кыргызстанда абал аябагандай оор. Баардык мамлекеттин тармагы, багыттары толугу менен талкаланган. Элдин ишеними бийликке жок. Мунун баардыгын калыбына келтирүү, оңдоо оңойго турбайт. Бирок, кээ бир приоритеттүү жактарга басым кылып, аларды туура жолго салса болот.

Садыр Жапаров бийликке келгени эң биринчи элдин ишеними бурулуп турат, бу жакшы көрсөткүч болуп эсептелет. Канчалык эл өзү шайлаган адамга ишенсе, ал адамдын жасаган нерселери туура болсо, реформа жасоого умтулса, коом өзгөрүүгө жол ачылат. Учурда чече турган приоритеттүү маселелер бар.

- Кайсылар, айта кетсең болобу?

- Эң башкылардын бири бюджет маселеси. Бюджеттин туруктуулугу. Өткөн жылкы пандемиядан салык, бажы жагы бир топ жабыр тартты. Экинчиси, экономика багыты. Экономика былтыр расмий түрдө 9 пайыз, расмий эмес 12-14 пайызга төмөн түшүп кеткен. Үчүнчүсү, тышкы изоляция. Россия, Казакстан расмий тааныганы менен бизден бир аз чочулап турушат. Ал эми Европа, Америка, Азиянын өнүккөн мамлекеттери биз менен мамилелерин такыр эле алыстатып коюшту. Мына ушул маселелер кандай болот? Жакырчылыкты кыскарта алабы? Бул да алдыда турган чоң маселе. Жогоруда айтып кеткендердин баарын жаңы президент чечпей турган болсо, жакынкы мезгилде элдин ишеними кетет, биз кайрадан туруксуз аймакка айланабыз... Нааразычылыкка кептешебиз...

- Оппозия эмне болду, өчтүбү?

- Байкашымча, Кыргызстанда күчтүү, мамлекетибиздин тарыхында болуп көрбөгөндөй оппозиция мүмкүнчүлүгү жаралууда жана буга негиз бар. Себеби, жаңы бийлик бир топ саясатчыларды, жарандык коомду, журналисттерди өзүнөн алыстатып койду. Көптөгөн саясатчыларды шайлоо маалында, азыр деле түрткүлөгөн, жамандаган, аңдыган учурлар аябай көбөйдү. Өзгөчө прогрессивдүү, билимдүү саясатчыларды, жарандык коомдун өкүлдөрүн мамлекеттик башкарууга аралаштырган жок.

Тескерисинче, ар кайсы булактар аркылуу жамандаган, каралаган материалдар байма-бай чыгууда. Ошондуктан, жакынкы убакта Кыргызстанда саясый абалга жараша күчтүү, потенциалы бар, ар тараптуу, баардык багыттардын башын кошкон оппозиция жараларына ишенем жана ошол процесстердин жүрүп жатканын байкап атам.

- Бийликке сын айткандар ар дайым болуп туруш керек. Бирок, учурда кайсы багытта оппозициянын баштары биригет?

- Баардык оппозициялык саясатчылар, күчтөр бийликтин катасын айтат. Эми азыр кайсы багытта оппозиция биригерин айта албайм. Учурда баардык эле саясатчылар менен сүйлөшүп турам. Жаңы бийликке болгон нааразычылык жеткиликтүү деңгээлде жарандык коомдун арасында, журналисттердин арасында, саясатчылардын арасында күчтүү. Эми алар кандай жол менен биригүүгө барып, иш жүзүнө ашырары убакытка байланыштуу болот. Жеке өзүм көп нерселерди байкап атам. Туура нерселерге караганда калпыстыктар көбөйдү. Азыр бийлик камоо менен гана алек болуп аткансыйт. Ошол эле убакта соттор, укук коргоо органдары мурунку бойдон калууда.

Мамлекеттик башкаруу моделинде өзгөрүүнү байкаганым жок. Ушул багытта жүрүп отурса, камоо менен чектеле берсе, анда репрессияга алып келет. Бизнести, экономиканы өлтүрөт. Кыргызстандан инвестиция кача баштайт да, өлкөбүз кайрадан оор акыбалга такалат. Ошондуктан параллелдүү сот, укук коргоо органдарында реформа башталбаса, анда бийликке болгон ишеним кете баштайт. Мына ушуга окшогон нерселер оппозициянын, акыл-эстүү адамдардын эртели-кеч башын бириктирет, бийликке оппонент болуга түрткүлөйт.

- ЛГБТ маселеси жөнүндө эки ооз кеп?..

- ЛГБТ маселеси баардык өлкөлөрдө бар. Ошол өлкөнүн кандайдыр бир кичинекей бөлүгү. Кайсы бир изилдөөлөрдө мындай катмар 1-2 пайыздын тегерегинде болот. Демократиялык мамлекеттерде алар эч кимден коркпойт, бекинбейт. Укуктары корголгон, мыйзам иштейт. Ал эми бизге окшогон мамлекеттерде ар кандай көз караштагы адамдар басмырлап, коркутуп турушат. Коомубуз азырынча ЛГБТлардын ачык жашоосуна жол бербейт. Бизде ал нерсе кабыл алынбайт.

Керек болсо биз эле эмес, Европанын кээ бир мамлекеттеринде көтөрүлбөй, жабылып туруп жатат. Бийликтин адамдары, мамлекет башчылары буга даяр эмес. Алар ачыкка чыгып, саясатка, мамлекеттин турмушуна аралашканга, кандайдыр бир акцияларды өткөргөнгө азырынча жол берилбейт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости