www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асанов жөнөкөй саясий фигура эмес, ал октябрдагы чаң тополоңдун башында туруп, бир нече күн болсо да милициянын көзөмөлдөп турган. Курсан Асановго кылмыш иши бүгүн гана козголуп жаткан жок.Ага каршы кылмыш иши 2019-жылы миллиардер экс-президент Алмазбек Шаршенович Кой-Таш Элдик Республикасын түзүп, Кыргызстанда бөлө баштаганда башталган. Ошол ызы-чуудан улам экс-президент камакта отурат. Курсан Асанов депутат болууга аракет кылып Көтани менен биригип, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган. Бул парламенттик шайлоодо элге белгилүү болгондой «Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШК тарабынан түзүлгөн чектен өтүп, парламентке жашыл жарык алган. Бирок, октябрда болгон башаламандыктан пайдаланып парламентке өткөн Курсан Асанов Ички иштер министр кылып өзүн-өзү шайлап алган. Аны өзүн-өзү шайлап алган Көтани колдоп чыккан. Бүгүн да колдоп жатат. Булар мамлекет башына келери менен аларды парламентке алып чыккан «Бүтүн Кыргызстан» партиясын унутушкан.

Өткөн жылдын 5-октябрдагы башаламандыкта жаракат алгандар "Кыргыз үмүтү" коомун түзүп жатышат. «Манастан Чубак кем бекен?» Апрелдеги башаламандыкта деле көптөгөн уюмдар түзүлгөн., Аталган коом өткөн жылдын 5-октябрда орун алган баш аламандыктан кийин түзүлгөн. "Кыргыз үмүтү" коому октябрь окуясынан кийин бир апта өткөн соң, өздөрүнүн юридикалык укуктарын коргойбуз деген максатта түзүлгөн. Коомдо 120 киши мүчө. Өлкөдө 2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өтүп, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, баш аламандык орун алды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышкан.

Быйыл башаламандык менен аяктаган парламенттик шайлоону алалы. Өмүрбек Чиркешович Темир Сариев менен түзгөн тандем ишке ашкан жок. Мадумаров менен түзгүсү келди эле пикирлери келишкен жок. Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Сурабалдиевалардын үнү чыкпай калды. Башаламандык болду ага ким күнөөлүү белгисиз. Ага чейин Текебаев менен Шыкмаматовдун, Мамашевалардын ымаласы келбей калган. 30 жылдан бери Текебаев кимдер менен тандем түзбөдү, текеге эки мүйүз өсөт экен, Текебаевге өспөдү. Аягында Текебаев президенттик шайлоодо Курсан Асановду колдоого алган. Текебаев өзү түзгөн парламенттик Конституцияны колдоору белгилүү. Өмүрбек Текебаев менен Курсан Асанов жолугушуп эмнени талкуулаганын ким билет? "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Курсан Асанов жолугуп өлкөнүн учурдагы абалы, социалдык-экономикалык жагдайлар жана саясий көйгөйлөрдү талкуулашты деп айтылган. Текебаев саясатчы катары Асановго өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, акыл насаатын, кеп-кеңешин айтып парламенттик Конституцияны колдойлу деп айтса керек. Ошондой эле, Текебаев Асановго күчтүү саясий эрк жана кайраттуулук каалап, бул жолду ишенимдүү жана татыктуу улантууга тилектеш экенин билдирип, элдик генералга ак батасын берген. Курсан Асанов Өмүрбек Текебаевге колдоосу жана баалуу кеңештери үчүн ыраазычылык айтып, Кыргызстанда тартипти орнотуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирген. Кыязы, бул жолу да Курсан Асановду жаңы шайланган Президент С. Жапаровдон алыс кармоо интригасы уланып жатканы байкалууда. Башкача айтканда эски пластинка эле кайра айланып жаткандай. Мындай пикирин саясий талдоочу Табылды Акеров «Курсан Асановдун камалуусунун сыры эмнеде?» деп жазды. «К. Асанов камакка алынгандан бери анын адвокаттары Т. Токтакунова, И. Айткулов, Ө. Суваналиев, Ф. Кулов, А. Шыкмаматов, К. Сооронкулова, Ч. Жакупова, Ж. Молдокматов, А. Акматов ж. б. бир топтор өз пикирлерин билдирди. Баары К. Асановдун камакка алынышын мыйзамсыз, туура эмес деп баа берип жатышат. И. Айткулов, А. Шыкмаматов, Ж. Молдокматов, Ч. Жакупова 5-октябрдагы окуяларды комментарийлеп, эл толкуп, Ак үй кулап, баш аламандык башталганда министр К. Жунушалиев менен Опумбаев өз кызмат орундарын таштап качып, бул мамлекеттик түзүмдөр башчысы жок калганын эскеришет. Бишкек шаарында талап-тоноолорду болтурбаш үчүн ошол кездеги коопсуздук кеңешинин катчысы Өмүрбек Суваналиев тарабынан К. Асанов министрликти убактылуу кординациялап турууга жиберилгенин бир ооздон билдиришти. А. Шыкмаматов бул окуяларды бөлүп-бөлүп карабай, комплектүү караган туура, баш аламандыкты токтотуу үчүн бир топ аракеттер болгон, баарын бирге кароо талапка туура келет дейт. Бул айтылгандарды Өмүрбек Суваналиев өз билдирүүсү менен толук бышыктады. Ө. Суваналиев: «Ал күндөрү Курсан Асанов мыйзамды бузган эмес. Тополондо расмий бийлик жок болуп калды. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги качып кеткен. Топтолгон эл түрмөдө жаткандарды чыгара баштады. Биз ошону токтотконго аракет кылдык. Легитимдүү бийликтен кабар жок болуп калды. Мен коопсуздук кеңешинин орун басары катары күч структураларын координация кылуу укугум бар эле. Ошол кезде милицияга дем бериш керек болчу. Курсан Асанов теледен чыгып, күч органдарына кайрылуу жасап жатты. Башаламандык учурунда бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн Курсан Асанов баш болгон милициянын отставкадагы генералдарын, полковниктерин Ички иштер министрлигине жөнөткөнбүз. Курсан Асанов тополондо мамлекеттин коопсуздугун сактап калгандардын бири болгон. Анын камалышын мыйзамсыз деп эсептейм» деген оюн билдирген.

Ф. Кулов, Т. Токтакунова ж. б. К. Асановдун аялы бүгүн ооруп реанимацияда жатып жаны палатага которулганын айтып, бул камоо моралдык дагы, гумандуулук жактан дагы туура эмес болуп жатканын билдиришти. Эгер ошол окуялардын катышуучулары өзүлөрү күбө катары барын ачыктап берип жатса, анда К. Асанов эмне үчүн камакка алынган? Анын камалышынын сыры эмнеде? Айрымдар муну өч алуу менен байланыштырып жатышат. Бирок, менимче, бул пикир жанылыш айтылууда. С. Жапаров мен эч кимден өч албайм деп билдирген. Ошондуктан мен бул жерде саясий интрига болуп жатат го деп ойлойм. Себеби, К. Асанов мындай интригаларга биринчи эле жолу кабылып жаткан жок. Мындан бир аз мурдараак, К. Асанов Кой-Таш окуяларынан кийин дагы саясий интригаларга кабылып, анын чуусу али бүтпөй келет. Эң негизгиси, ошол кезде К. Асановго карата уюштурулган интрига аны экс-президент С. Жээнбековдон алыстатуу, ага каршы коюу үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн эле. Кыязы, бул жолу да Курсан Асановду жаңы шайланган Президент С. Жапаровдон алыс кармоо интригасы уланып жаткандай байкалууда. Башкача айтканда эски пластинка эле кайра айланып жаткандай», - деп оюн билдирген Табылды Акеров.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМ тарабынан кармалган. Белгилей кетсек, 9-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши ачылып, анын алкагында Курсан Асанов кармалган. Кийин үй камагына чыккан. Маалым болгондой, Курсан Асановго Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча кылмыш иши козголгон. «Асановду кармоо боюнча чыккан токтомдо «Имараттарды жана курулуштарды басып алуу» беренеси жазылган. Менин түшүнгөнүм боюнча, Октябрь окуялары учурунда Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин имаратын басып алууга шектелип жатат окшойт. Курсан Асанов Октябрь окуялары учурунда Ички иштер министрлигинин жетекчилиги качып, эч ким эмне кылууну билбей турганда өз авторитетин колдонуп, жагдайды жөнгө салууга аракет жасады. Асанов мыйзамсыз иш жасаган эмес. ИИМ азыр кайра аны кылмышка айыптап жатканы мыйзамсыз», - дейт анын жактоочусу Икрамидин Айткулов. Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Соттун 28-январдагы токтомуна ылайык, Асанов 26-мартка чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагында болот. Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имараттарды жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган. Курсан Асанов 2020-жылдын 7-октябрында Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болгон. 6-октябрда таңга жуук эл Ак үйдү басып алып, бир катар саясий туткундар абактан чыгарылган. Асанов парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен аттанып, 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 0,5% добуш алган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости