www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад ишине байланышуу айып коюлган оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков ооруканада кайра №1 тергөө абагына которулду. Анын адвокаты Замир Жоошев которуу 3-мартта эле болгонун "Азаттыкка" билдирди жана Жээнбековдун учурдагы саламаттыгы тууралуу кийинчерек маалымат бере турганын айтты.
Саясатчы Бишкектеги жеке менчик ооруканаларын бирине бөйрөгүн дарылатуу үчүн 14-февралда жаткырылган.
Анын алдында Жээнбеков өлкөнүн юстиция министрине, акыйкатчысына, журналисттерге жана укук коргоочуларга кайрылып, саламаттыгына байланыштуу көз каранды эмес консилиум түзүүгө жана тийиштүү дарылануудан өтүүгө жардамдашууга чакырган.
Боор оорусуна чалдыкканын билдирген саясатчы Жаза аткаруу кызматы ага Молдовановка айылындагы №31 колонияга которулуп дарыланууну сунуш кылганын айткан.
Булак: NazarNews.kg