www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Деген пикирин билдирди бүгүн, 12-майда, «Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" аттуу жарандык форумда экс-депутат Равшан Жээнбеков.
«Жалпысынан ала турган болсок, шайлоонун алдында, бийликтен кетеринде, мамлекетти кайрадан дестабилдүүлүк зонасына киргизүүгө аракет кылып аткан оппозиция же ММК эмес, бул - президент жана анын командасы! Президенттин жана анын командасынан суранар элем, бүгүнкү күндөгү саясий оппоненттерин камоону токтотушу керек! Жана бүгүнкү күндө отурган саясий оппонеттерди бошотушу керек!”- деп кошумчалады экс-депутат Равшан Жээнбеков.
Эске сала кетсек, учурда журналист Авланбек Жумабаевдин демилгеси менен «Таза шайлоо – туруктуулуктун жана тынч бийлик тапшыруунун барымтасы” аттуу жарандык форум болуп өтүп жатат. Иш-чарага саясий партиялардын өкүлдөрү, ЖК депутаттары, ПА, эксперттер жана саясат таануучулар катышууда. Жарандык көзөмөл комитетинин алдындагы президенттик шайлоону тынч жана таза өткөрүү максатында бийлик жана оппозиция өкүлдөрүн ачык диалог өткөрүүдө.
Булак: NazarNews.kg