www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Равшан Жээнбеков жакында эркиндикке чыгат

Бүгүн, 22-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясынын фигуранттарын камакка алуу мөөнөтүн узарткан жок. Бирок бул чечим Алмазбек Атамбаевге тиешелүү эмес.

Отурумга сот Азирет Медеров төрагалык кылды. Конвойлор сот залына Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовду жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жеенбековду жеткирди. Ал эми Алмазбек Атамбаев отурумга катышпай турганын билдиргенин сот маалымдады. Ага өзүн жакшы сезбегени жана стационардык дарыланууда болгону себеп болгон.

Сот Медеровдун маалыматы боюнча, Кой-Таш окуясы боюнча фигуранттарды камакка алуу мөөнөтү 27-декабрда аяктайт. Камактагы Равшан Жээнбеков 27-декабрда саат 12:00дө бошотулушу керек.

Ошондой эле Фарид Ниязовду камакта калтыруу чечими жокко чыгарылды.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевге козголгон үч кылмыш иши бир процесске бириктирилген. Атамбаев Кой-Таш айылынан жер тилкесин мыйзамсыз алганы, мыйзамсыз байыганы жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон баш аламандык боюнча айыпталууда.

Бардык эпизоддор боюнча бир нече айыпталуучу, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодураңова, Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, мурунку депутаттар Равшан Жеенбеков, Мээрбек Мискенбаев жана Аскар Шаадиев, мурдагы мэр Албек Ибраимов, мурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиев жана башкалар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости