www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде чек арага жакын жерде автоунаага ок атылды

Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы Максат айылына жакын жерде - Арка-Максат жолунда бараткан автоунаага "ок атылды" делген видео 22-декбарда түштөн кийин соцтармактарда тарады. Бул окуя боюнча Баткен облустук чек ара башкармалыгынын жетекчиси тажикстандык кесиптештери менен жолугушуп жатканы маалым болду.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда. Бирок, ок атуунун себеби жана ким тарабынан атылганы боюнча такталгандан кийин гана толук маалымат берилерин билдиришти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости