www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров элчи Осмоналиевге сөгүш жарыялады

Садыр Жапаров Азербайжандагы элчи Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевдин “Кыргызстан Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө Орусиядан өзүнчө жолугушууну сунуштады”, - деп бир катар ЖМКларга жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт жана чагымчыл мүнөзгө ээ.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, белгиленген маекте бул тууралуу сөз да болгон эмес.

Аны менен бирге, ЖМКда бул сыяктуу бурмаланган чечмелөөгө жана ЖМКларда айың-кептерге жол берген, борбор менен макулдашылбаган билдирүүсү үчүн президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости