www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн атайын ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевди жакында эле гезиттердин бири "жогорку билими жок, самса сатып жүрүп эле диплом сатып алган" деп жазып чыккан.
Кыянбек Сатыбалдиевдин жогорку окуу жайда чогуу окуган группалаштары андай маалымат жалган экенин билдиришти.
"Биздин Экономика жана ишкердик" университетинде өз кесиби менен иштеген студенттерге "свободное посещение" берилчү. Алар үчүн сабактардын 30 пайызына катышып калган убактысында иштей беришчү",-дейт анын группалашы Равшанбек Исабеков.
Андан тышкары айтылып жаткан ушактар чындыкка дал келбей турганын мындайча белгиледи: "Чынында өтө жакын дос эмес элек, жашы улуу жана иштегендиктен лексиядан кийин кетип калчу. Диплом сатып алды деген ушактар жалган, чындыкка эч жакындабайт",- деди Исабеков.
Булак: NazarNews.kg