www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери менен өлкөнү санариптештирүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жетекчилери санариптештирүүнүн алкагында жасалган жана алдыда аткарыла турган иштер боюнча маалымат беришти.

Отурумда санариптештирүүнүн алкагында «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ишке ашырылганы, өлкөнү Интернетке кошуу жана сапаттуу электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү процесси жүзө ашырылганы, «Түндүк» тутумуна бардык мамлекеттик органдар тутуштырылганы айтылды. Муну менен катар 2020-жылы электрондук мамлекеттик тейлөөлөр порталы (https://portal.tunduk.kg) модернизацияланды.  

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке ашырылып, анын алкагында ведомстволор аралык «Түндүк» электрондук системасына айыл аймактарын кошуу үчүн алгач жергиликтүү өз алдынча органдарында чарбалык китептердин негизинде электрондук базалар түзүлдү. Ушундай эле санариптештирүү иштери бажы, салык жана социалдык багытта иш алып барган мамлекеттик органдар үчүн дагы жүргүзүлүүдө.

«Учурда дүйнө жүзүндө санариптик технологиялар кеңири колдонулууда. Өлкөнүн маалымат, байланыш мүмкүнчүлүктөрү заман талабына шайкеш келиш керек. Санариптештирүүнү натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялуу IT-адистерин даярдоо ишин колго алуу шарт. Ошондой эле калкка кызмат көрсөткөн тармактарды санариптештирүү иштерин улантуу зарыл. Бул өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолу», - деди Равшанбек Сабиров.

Вице-премьер-министр санариптештирүү коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуу куралы экенин белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости