www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын шыкагы менен «РеАкция» талап кылып, митингдерди уюштуруп, мамлекетке күйгөн адамдын образын жараткан топтор бар. Жаш муундун өкүлдөрү. Булардын негизги максаты - бийликке жетүү жана парламентке  депутат болуп келүү экени айдан ачык.

Дегенибиз, бул «балакайлардын» парламенттик шайлоонун алдында активдешкендери, өздөрүн элге көрсөткүсү келип, улам-улам өздөрүн пиар кылгандары айныгыс далил. Эгерде эртең бийликтегилерден бирөө жарым буларды чакырып, депутат кылам деп убада кылса, 180 градуска бурулуп, таптакыр башкача сүйлөп калаары талашсыз.

Ошондуктан амбициясы башынан ашып кеткен, өздөрүн «фейсбук» аркылуу пиарлап, мамлекетке күйүмүш эткен «кой терисин» жамынган активисттерден сак болушубуз керек. Буга чейинки сөз болуп жаткан активисттердин иш-аракеттеринен элге күйгөн, эл үчүн жасалган бир ишти көрө алган жокпуз.

Демек, эл алдына куру кыйкырык менен чыгып жатканын аңдабай түшүнсөк болот. Бул «реакциячыларыңдын» жеке кызыкчылык үчүн мекениндеги тынчтыкты жана стабилдүүлүктү курмандыкка чалып, баарыбызды дүңүнөн сатып жиберчү түрү бар.

Булак: “Мантыш”

Последние новости