www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Реформа" партиясы бийликти эски күчтөрдөн тазалап, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү жаатында мамлекетке колдоо көрсөтүүгө даяр.

Партиянын төрайымы Клара Сооронкулова өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жазган кайрылуусун 17-октябрда "Фейсбукка" жана жалпыга маалымат каражаттарына жарыялады.

Партия натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн мүлктүк люстрацияга багыт алып, декларациядагы маалыматтар менен мүлктөрдүн дал келүүсүн аныктаган көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуш кылууда.

Партия Жапаровго Комиссия тууралуу жобонун долбоорун сунуш кылып, анын курамына жарандык коомдун өкүлдөрү да кошулууга тийиш экенин билдирди.

Негизинен жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралган "Реформа" партиясы 4-октябрда өткөн, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышкан. Бирок жети пайыздык чектен өтө алган эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости