www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККББ) кызматкерлери жүргүзгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө мамлекеттик каттоо номер белгилери жок жүргөн BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаа аныкталды.
Текшерүү маалында айдоочу автоунаанын мамлекеттик номер белгилерин өз алдынча чечип салганы белгилүү болду.
Ошондой эле транспорт каражатынын алдыңкы каптал айнектерине тиешелүү уруксаты жок караңгылатуу (тонировка) жасалганы аныкталган.
Аталган факты боюнча айдоочуга карата тиешелүү укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, унаа айып короо жайына токтотулду.
ЖКККББнын маалыматына ылайык, мамлекеттик каттоо номер белгилери жок жана мыйзамсыз тонировкасы бар автоунааларды пайдалануу жол кыймылынын эрежелерин бузуу болуп саналат.
Ведомство бардык айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана мыйзам талаптарын бузбоого чакырат.