www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев аны кызматтан алуу үчүн мыйзамсыз комиссия түзүлгөнүн айтып чыкты.
Анын айтымында, комиссия расмий түрдө канаттуулардын этине байланышкан квоталарды кайра сатуу фактыларын иликтөө үчүн түзүлгөнү менен, иш жүзүндө борбордук аппараттын ишмердүүлүгүн текшерүүгө өткөн. Ал өз билдирүүсүндө канаттуулардын этине берилчү квоталар мыйзам бузуу менен бөлүштүрүлгөнүн жазды.
Чекирбаев комиссиянын курамы мыйзам талаптарына жооп бербегенин айтып, анын негизги максаты өзүн кызматтан алуу болгон деген пикирин билдирди.
Ошондой эле ал укук коргоо органдары мыйзам бузуу болгон болсо текшерүүгө даяр экенин айтканын, бирок комиссия аны кызматтан алуу үчүн негиз таба албаганын белгиледи.
Буга байланыштуу министр Эрлист Акунбековду сынга алып, анын кызматка келиши менен мурдагы жетекчилик менен иштеген кызматкерлерди массалык түрдө жумуштан кетирүү башталганын айтты.
Чекирбаевдин айтымында, жетекчилик кызматтарга негизинен Акунбековго тиешелүү делген «Бай-Дыйкан» компаниясында иштеген адамдар дайындалып, министрликтин ичинде жетекчилер ортосунда пикир келишпестиктер күчөгөн.