www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Минск шаардык соту беларус-поляк чек арасындагы миграциялык кризис тууралуу репортажга байланыштуу журналист Дмитрий Лукшага, анын аялы Полина Половинкого жана оператор Денис Яровскийге өкүм чыгарды.

“Азаттыктын” беларус кызматы кабарлагандай, Лукша төрт жылга, Полавинко 2 жарым жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Яровский 18 айга кесилди.

Алар Беларусту дискредитация кылууга жана “коомдук түзүмдү бузууга багытталган уюшкан ишмердүүлүккө катышуу” беренелери менен айыпталган. Полина Половинкону "көмөк көрсөткөн" деп айыпташкан. Иштин төртүнчү фигуранты Константин Никоноров шарттуу түрдө камалды.

Дмитрий Лукша Казакстандын “Хабар 24” телеканалынын Беларустагы штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштечү. Ал аталган телеканалда былтыр Жакынкы Чыгыштан келген миңдеген мигранттар Евробиримдикке өтүү үчүн Беларус менен Польшанын чек арасында тыгылып турганы жөнүндө репортаж даярдаган.

Европа мамлекеттери авторитардык башкаруучу Александр Лукашенкону кризисти атайылап жаратканы үчүн айыпташкан жана Беларуста саясатчыларга, көз карандысыз медиаларга басымдын күчөгөнүнө байланыштуу ага каршы санкция салышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости