www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британия бир катар тармактардагы көптөгөн жумушчулардын иш таштоосуна кабылып, анын алды декабрдын аягына чейин созулат. Мунун кесепетинен мекемелердин иши үзгүлтүккө учурап, миллиондогон адам үчүн көйгөй жаралат. Бул туурасында The Telegraph басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.

Акцияга темир жолчулар, медайымдар, тез жардам, деңиз жана автотранспорт кызматкерлери, мугалимдер, күзөтчүлөр, накталай акча менен операция жүргүзгөн жумушчулар, почта кызматкерлери жана башка тармактын жумушчулары катышууну пландап жатат. Мындай иш таштоодон жаралган хаос күн сайын сезилип турары белгиленген.

"Нааразычылык акциянын чыныгы масштабы өтө чоң болот, анткени чек ара аскерлери, паспорт столдун жана Улуттук автоунаа жолдорунун кызматкерлери да камтылган мамлекеттик кызматкерлердин профсоюзу иш таштоону колдоду. Бирок акцияны өткөрүү күнү тактала элек", — деп жазылат макалада.

The Telegraph белгилегендей, жашоонун наркын кымбаттатып тынымсыз өсүп жаткан инфляция шартында профсоюздар маянаны алгылыктуу өлчөмдө көбөйтүүнү талап кылып жатат.

Ошол эле учурда британ өкмөтү профсоюздар сүйлөшүүгө келүүнүн ордуна иш таштоо уюштуруп жатканы "миллиондогон адамды түйшүккө салат" деп эсептейт.

Орусия Украинада атайын операциясын баштагандан кийин Батыш Москвага карата санкциялык басымдарын күчөткөн. Бирок логистикалык чынжырчанын бузулушу Европада жана АКШда күйүүчү май менен азык-түлүктүн кымбатташын шарттады.

Улуу Британияда жашоо наркынын өсүшү миллиондогон адамга сокку уруп жатат. Англиянын банкы базалык пайыздык ставканы 3 пайызга чейин көтөрдү. Ошондой эле экономикасы артка кетип, мындай кырдаал 2024-жылдын биринчи жарымына чейин созулары күтүлүүдө. Өлкөдө жылдык инфляция октябрдын аягы менен 11,1 пайызды түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости