www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Республика-Ата Журтта” бунт чыкты

Өмүрбек Бабанов өлкөдөн алыс кетип, ошол жактан саясаттан биротоло кетерин, депутаттык мандатын тапшырып, партиясы менен иши болбой турганын билдиргенден бери, парламенттеги фракциясы жетим козудай кайсыл лидерди ээрчий турганын билбей калды.

Бабановдун ордун ээлеген Руслан Казакбаевди 22 депутаты бунт чыгарып, аны чакырбай өздөрүнчө жыйын куруп, лидерликтен алып түшүп, ордуна саясаттын казанында кайнабаган, саясий салмактан ноль, айдап кел менен байлап келге сонун жараган Жыргалбек Турускуловду лидер кылып шайлап алышты. Бул эми саясий кырдаалга жараша жасалган кадам болгону мектеп окуучусуна деле маалым да. Ошон үчүн Бабановдун “короосундагы” депутаттар мындай чечимди кабыл албай, нааразы болуп жатышпайбы.

“Качкын” атка конгон Бабанов өлкөгө жакынкы убакта кайтып келет экен, бул тууралуу Атамбаев менен сүйлөшүү жүрүп, бышып жетилиптир. Бабанов кайра келсе, аны Жээнбековго каршы колдонот экен” деген маалыматты РАЖдын депутаттары өздөрү ишенимдүү адамдардан укканын айтып жүрүшөт. Бабанов мурунку ажо менен макулдашып, өлкөгө келген күндө деле бийликке каршы дүрмөт болуп бериши арсар. Келери менен колуна кишен салынып калышын өзү деле жакшы билсе керек. Аябай эле акылдуу жан эмеспи.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости